ИНВЕСТИЦИЯ ИШИН МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 20 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕСТИЦИЯ ИШИН МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО. Өлкөдөгү инвестициялардын жалпы кө­лөмүн көбөйтүү максатында мамлекеттик жөнгө салуу аларда борборлоштурулган сарптоолордун үлүшүн бир азыраак көбөйтүү шартын коёт.
Өндүрүш инфраструктурасынын кыйла бөлү­гүн өнүктүрүүнү финансылоону мамлекет өзүнө алат. Рынок экономикасына өткөөл мезгилде мам­лекет инвестициялык ресурстардын кыйла бө­лүгүн турак-жай чарбасына, саламаттык сактоо­го, маданиятка, илимге, социалдык чөйрөнүн мүм­күн болуучу керектөөлөрүн канааттандырууга жумшайт. Борборлоштурулган инвестициялык ресурстардын калган бөлүгү өндүрүш чөйрөсүндө жеке, ата мекендик, чет өлкөлүк инвестиция­ларга өбөлгө түзүүгө пайдаланылат. Соңку убакта инвестициялык саясат тармак­тар м-н региондордун ортосунда бюджеттик акча каражаттарын капиталдык курулушка бөлүш­түрүүдө объектилерди тандоо аркылуу жарым ­жартылай финансылоого ж-а ушундай объек­тилердин курамын конкурстук негизде түзүүгө өтүү мүнөздүү. Долбоорлорду мамлекеттик-коммерциялык финансылоону өнүктүрүү үчүн эки жаңы меха­низмди – долбоорлорду сертификациялоону ж-а инвесторлорго мамлекеттик кепилдиктерди ишке aшы­руу белгиленүүдө.
Долбоорду сертификациялоо инвесторлорду тартуу боюнча аукциондорду өткөрүүгө мүмкүн­дүк берет. Чет өлкөлүк инвесторлор м-н кон­тракттарды сертификациялоо алардын долбоор­лорго ишенимин алда канча жогорулатат. Бул инвестиция рыногунда капиталдардын конку­ренциясын (атаандаштыгын) түзүүгө мүмкүндүк берет.
Экинчи механизм – жогору натыйжалуу ин­вестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу инвес­торго байланышсыз себептер м-н үзгүлтүккө учу­раган кезде жумшалып жаткан ресурстардын бир бөлүгүнүн курамы боюнча мамлекеттин мил­деттенмелерин камтыган мамлекеттик кепилдиктерди ата мекендик жеке инвесторлорго берүү. Мында күрөө милдеттенмелери м-н кошо инвесторлор­го кошумча кепилдик милдеттенмелерин берүү зарыл.
Дүйнөлүк деңгээлдин талаптаpынa жооп бе­рүүчү күрөө системасын уюштуруунун негизин­де жогору натыйжалуу инвестициялык долбоор­лордун мамлекеттик гарантиялардын шартын түзүү ка­ралууда.