ИНВЕРСИЯ (геометрияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 20 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕ́РСИЯ – 1) г е о м е т р и я д а – ОА′ ⋅ ОА= = k барабардыгы аткарылгандай, тегиздиктин ар бир А чекитин (ОА) шоо-

ласында жаткан А′ чекитине ко­торгон өзгөртүү.
Мында k – ту­руктуу чыныгы сан. О чекити – инверсиянын борбору же уюлу, k – да­ражасы же коэффициенти деп аталат. Эгер k = a2 бол­со, анда O борборлуу ж-а а радиустуу айлана­нын s чекиттери инверсия учурунда өзүнө өзү өтөт. Кээде оң даражалуу инверсия гиперболалык инверсия, ал эми терс даражалуусу эллипстик инверсия же анти­инверсия деп аталат. Декарт тик бурчтуу координатасында инверсия x′ = kx , x2 + y2 y′ = ky x2 + y2

формуласы м-н же комплекстик өзгөртмөлүү тегиздикте z = k/z формуласы м-н берилет. Инверсия комплекстик өзгөрмөлүү функциялар теория­сында, геометрияда ж. б. колдонулат. 2) К о м­ б и н а т о р и к а инверсиясы – эки элементтин жанаша турарына же алар башка элементтер м-н бири биринен ажырашына карабастан, орун алмаштырууда алардын кадыресе тартибинин бузулушу. Мисалы, элементтердин нормалдуу жай­гашышы abc болсо, анда аны bca деп өзгөртүүдө b ж-а а, с ж-a a элементтери инверсияны түзөт.