ИМПУЛЬС РАЗРЯДЫ
И́МПУЛЬС РАЗРЯДЫ – өтө кыска убакытта (секунддун үлүшү) газда өз алдынча пайда болуучу туруксуз электр разряды. Импульс разрядынын эки түрү бар: 1) жасалма жол м-н түзүлгөн турактуу токтун импульсунан алынган разряд. Мындай импульс разряды плазманын негизги параметринин релаксация убагына караганда аз убакытта берилген кыска импульста пайда болот. Кайталануучу импульс разрядынын мүнөзүнө разряд аралыгындагы чөйрөнүн калдыктуу иондошуусу таасир этет. Импульс разряды оңой ж-а дайыма күйүшү үчүн разряд аралыгындагы чөйрөнүн алгачкы иондошуусу же күйгүзүү потенциалынан чоң электр талаасы колдонулат. 2) энергия булагынын сыйымдуулугу чектелген учурда пайда болгон разряд. Бул учурда импульс разряды мезгили м-н өчүүчү ток формасын алат. Бул учкун разряды деп аталат. Импульс разряды атайын жарык булагын алууда, газ электроникасында, техникада колдонулат.