ИМПОТЕНЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 20 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМПОТЕ́НЦИЯ (лат. impotēntia – начардык, алсыздык), ж ы н ы с а л с ы з д ы г ы – негизинен эркектин жыныстык катнашууга жөндөмсүз абалы. Импотенцияга айрыкча ички ж-а сырт­кы жыныс органдарынын тубаса кемтиги, функ­циясынын бузулушу себеп болот. Жыныстык катнашууда өзүн-өзү кемсинтүү, оорууну сезүү, бири-бирин жактырбоо же түгөйлөрдүн уялы­шы жыныстык катнашуунун начарлашына алып келет. Мындай жасалган импотенциянын (псевдо­импотенция) түрү эркектерде да, аялдарда да жо­лугушу ыктымал. Импотенциянын нейрогумордук түрү борбордук нерв системасынын (психоз, олигофрения, неврастения, невроз) ж-а ички секреция безде­ринин ооруларында келип чыгат. Өтө чарчоо, уйкунун бузулушу, кайгыруу, баш ооруу, болор ­болбоско ачуулануу, ошондой эле, омуртка же жүлүн оорулары импотенцияга дуушарлантышы мүмкүн. Эяку­ляциянын өзгөрүшүндө аялдын мамилесиИмпотенция зор мааниге ээ. Ошондой эле, такай ичкилик ичүү, таме­ки тартуу борбордук ж-а четки нерв системасына терс таасир этип, импотенцияга түрткү бериши ыктымал. Жыныс мүчөсүнүн чыңалышы (эрекция) эяку­ляцияга байланыштуу болот. Жыныс мүчөсүнүн кырсыкка учурашы да импотенцияга алып келиши мүмкүн. Эркек баланын эн безинин сезгениши, жетилбей калышы, ички секреция бездеринин функциясынын начарлашы импотенцияга түрткү болу­шу мүмкүн. Узак убакытка жыныстык катна­шуудан баш тарткан, тескерисинче жыныстык катнашууну эрте баштаган, түрдүү жол м-н жыныс мүчөсүн чыңалтууга аракеттенген эркек­терде импотенция эрте болот. Импотенциянын негизги белгилери: эркектин жыныс мүчөсүнүн чыңалышы начар­лайт, ошондой эле урук суюктугунун (эрендик) түшүүсү бузулат. Дарылануу үчүн сексопатолог, гинеко­лог, уролог, невропатологго кайрылуу керек. Ал оорулуу адамды текшерүү м-н себебин таап да­рылайт. Импотенция м а л д а – эркек малдын тукум берүүгө жараксыздыгы, ургаачы малдын кы­сыр калуу себептеринин бири. Импотенциянын 2 форма­сы: 1) эркек малдын куутка толук же жарым жартылай жараксыздыгы; 2) эркек мал куутка нормалдуу катышып, бирок уругу тукум берүүгө жараксыз болушу. Импотенцияны пайда кылуучу себеп­тер – рациондо белок, витамин, макро­ж-а мик­роэлементтердин жетишсиздиги, моциондун жок болушу, борбордук нерв системасынын ж-а жыныс органдарынын оорушу, малдын карылыгы. Импотенция кээде тубаса да болушу мүмкүн. Дарылоо гор­мон заттарын, дары каражаттарын колдонуу ж-а операциялык жол м-н жүргүзүлөт.