ИМПЕРАТОР
ИМПЕРА́ТОР (лат. imperātor – өкүмдар, impe- ro) – монарх даражасы. Алгач Байыркы Римде б. з. 1-кылымында Август ж-а анын мураскерлеринин тушунда император монарх титулу катары айтыла баштаган. Батыш Рим империясы кулагандан кийин Чыгышта Византияда сакталган; Батышта 800-жылы Улуу Карл калыбына келтирген, кийин герман королу Оттон I кабыл алган. Кийинчерээк башка мамлекеттердин монархтары да император деп аталышкан (Россияда – 1721–1918-жылдар, Австрияда – 1804–1918-жылдар, Германияда – 1871– 1918-жылдар, Кытайда – 1911-жылга чейин, азыркы учурда Японияда ж. б.).