ИММУНОЛОГИЯ
ИММУНОЛО́ГИЯ (иммунитет ж-а ...логия) – организмдин функциялык ж-а структуралык бүтүндүгүн, биологиялык өз алдынчалыгын сактоого багытталган коргонуу реакциясы жөнүндөгү илим. Иммунитеттин жалпы биологиялык негиздерин, анын пайда болушун ж-а эволюциясын, түр ичиндеги ар түрдүүлүктү, ткань антигендеринин тукум куугучтук касиетин, антигендердин химиялык түзүлүшүнүн касиетин ж-а алардын өз ара аракеттенүү закон ченемин үйрөтөт. Эпидемия учурунда ошол оорудан айыккан киши оорулуу адамды баккан учурда өзү оорубай тургандыгы байкалган. 1876-жылы англиялык врач Э. Женнер уй чечегин адамга жугузуу м-н, чечекке каршы жасалма эмдөөнүн жолун тапкан. Иммунологиянын башталышына И. И. Мечников, А. А. Безредка ж. б. илимпоздордун салымы зор. Иммунологиялык реакцияларды клиникалык иммунология кээ бир ооруларды аныктоо, дарылоо ж-а алдын алуу үчүн пайдаланат. Ал медицина ж-а ветеринария, микробиология, ошондой эле эпидемиология, физиология, биохимия, эндокринология ж. б. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. Иммунологиянын кан сары суусундагы антителолор м-н антигендик реакциясын изилдөөчү бөлүгү серология деп аталат. Клиникалык иммунологиянын аллергология, микробиология боюнча маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.
Ад.: Бернет Ф. М. Клеточная иммунология. М., 1971; Ярилин А. А. Основы иммунологии. М., 1999.