ИММУНИТЕТ (укукта)
ИММУНИТЕ́Т у к у к т а – белгилүү чөйрөдөгү укук субъектилеринин жалпы нормалардын аракетинен бошонушу; депутаттарга, ошондой эле дипломатиялык өкүлдөргө берилүүчү өзгөчө укук ж-а артыкчылык. Чет мамлекеттин иммунитети эл аралык укуктун маанилүү принциптеринин бири. Иммунитетке ылайык мамлекеттер бирдей укуктуу болгондуктан, бири бирине бийлик жүргүзө албайт, бир мамлекет экинчи мамлекеттин соту м-н соттолбойт. (к. Дипломатиялык иммунитет).