ИМАНОВ Акеш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 19 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИМАНОВ 1 to ИМАНОВ Акеш) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНОВ Акеш (27. 8. 1931 – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) – педагог, тил­чи. Филология илимдеринин доктору (1994), профессор (1992), КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кыз­маткер (1995). КМУнун филология факультетин бүтүр­гөн (1952). Тажик ССРинин Мургаб районунда мек­тепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, ди­ректор (1952–54), Жети-Өгүз районундагы «Жон-Булак», «Аң-Өстөн» ж. б. мектептерде мугалим, мектеп директору (1954–58), кийин КУУнун кыр­гыз тили кафедрасында окутуучу (1962–67), ага окутуучу (1967–68), доцент (1968–92), Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору, кафедра башчысы, декан (1994) болгон. Ал кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшүнө арналган 220дан ашык илимий, кыргыз санжырасы жөнүндөгү макалалардын, окуу китеп­тердин автору.

Эмг.: Кыргыз тилинин эки составдуу жөнөкөй сүй­лөмдөрүндөгү сөздөрдүн орун тартиби. Ф., 1976; Кыр­гыз тили (сырттан окуган студенттер үчүн окуу ки­теби). Ф., 1990; Кыргыз тилинин синтаксиси. Б., 2009.