ИМАНАЛИЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 19 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАЛИЕВА Чолпон Азаматовна (1963-жылы туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин доктору (1999). КММИни (1987), РМИА педиатрия ИИИде кли­никалык ординатураны бүтүргөн (1990). РКОдо кенже, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы бо­луп иштеген. 1998-жылдан Кыргызстан акушерлик ж-а педиатрия ИИИде (азыр республикалык педиатрия ж-а балдар хирургиясы борбору) бөлүм башчы. Педиатрия, аллергология ж-а иммунология боюнча адис. «Биздин балдарга таза аба үчүн» эл аралык экологиялык конкурста (Италия, 1993) күмүш медаль м-н сыйланган. 50дөн ашык илимий эмге­ги, анын ичинде 1 монографиясы бар.