ИМАМАТ
ИМАМАТ (ар. – башкаруу) – 1) мусулман теократиялык мамлекетинин жалпы аталышы; диний ж-а жарандык башкарууну бирдикте алып баруучу ислам мамлекетинин институту, башкача айтканда халифат деп айтса да болот. Халиф – имам шарият мыйзамдарынын негизинде укук тартибин ж-а мамлекеттин бардык жарандарынын коопсуздугун кароого милдеттүү. Сунниттерден айырмаланып шииттер мамлекеттин башына Мухаммед пайгамбардын гана тукумдары (Али ибн Абу Талиб) турууга тийиш деп эсептешет, бирок алар да бул маселе боюнча бир пикирге келе алышкан эмес, ошондуктан канча кылымдардан бери ар кандай секталарга бөлүнүп келүүдө. Имамат жөнүндө ар биринин өзүнүн концепциясы болгон (к. Шиизм); 2) 19-кылымдын 20-жылдарынын аягында Түндүк Кавказ элдеринин орус падышачылыгынын оторчул саясатына каршы жүргүзгөн күрөштөрүнүн учурунда Дагстан м-н Чеченстанда пайда болгон мюриддердин мамлекети. Имамдары: Гази- Магомет (1828–32), Газмат-бек (1832–34), Шамиль (1834–59).
Т. Өмүрова.