ИМАГО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМА́ГО (лат. imago – кебете, түр) – курт-ку­мурскалардын ж-а кээ бир муунак буттуулар­дын жеке өөрчүшүнүн жетилген стадиясы. Бул стадияда муунак буттуулар көбөйөт, ал эми кээде ар кайсы жерге жайгашат, демейде түлө­бөйт ж-а өспөйт. Татаал түзүлүштүү курт-кумурс­калардын көпчүлүгүнүн имагосуна өтүп кеткен му­рунку стадияларынан айырмаланып, канатта­ры ж-а жыныстык кошумча өсүндүлөр мүнөз­дүү. Курт-кумурскалардын (көпөлөктөр, коңуз­дар, жаргак канаттуулар), толук өөрчүү стадия­сында имаго куурчакчадан өөрчүп чыгат. Толук эмес өөрчүүчү курт-кумурскаларда (мисалы, субагай ка­наттууларда, кыпчуурларда, тең канаттуулар­да ж. б.) куурчакча стадиясы жок, личинка – нимфа бир катар түлөгөндөн кийин түз эле имагого айланат. Имаго стадиясынын узактыгы адатта бир нече миндан бир нече жылга чейин созулат.