ЖЕРДИН ГРАВИТАЦИЯЛЫК ТАЛААСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИН ГРАВИТАЦИЯЛЫК ТАЛААСЫ – оор­дук күчүнүн талаасы; Жердин өзүнө тартуу ж-а анын суткалык айланышынан пайда болуучу борбордон четтөөчү күч м-н шартталган таби­гый күчтөрдүн мейкиндиги. Ал оордук күчү ж-а анын потенциалы м-н мүнөздөлөт (к. Гравимет­рия). Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону боюнча жер бетиндеги бардык заттар ж-а массалар жерге тартылып турат. Ошондуктан өйдө ыргытыл­ган таш кайра жерге түшөт. Тартылуу күчү өтө алыс аралыкка (мисалы, Айга, Күнгө ж. б.) чейин таасир этет. Ошонун натыйжасында Ай Жер­ди, Жер Күндү айланат. Тартылуу күчү адамга азырынча белгисиз гравитациялык толкундар­дын таасиринен келип чыгат. Жер бетинде тар­тылуу күчү Жердин айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү күчтүн каршылыгына учу­рап азаят. Ал о о р д у к к ү ч ү деп аталат. Оордук күчүнүн ылдамдануусу гал (1 Гал=см /сек2) , миллигал ( 1 миГал =10-5 см/сек2) м-н ченелет. Жер айланасындагы тартылуу күчү байкалшаг мейкиндик жердиг гравитациялык талаасы болот. Жер бетинде оордук күчүнүн ылдамдануусунун орточо мааниси 980, 63 Гал, оордук күчүнүн ылдамдануусу тереңдикти карай,

(лук бузулат. Алар рельефтин ар кандай болу­шунан, тоо тек катмарларынын курамдык өз­гөрүшүнөн ж-а жер кыртышындагы калыңдык­тын ар түрдүүлүгүнөн ж-а жер кыртышынын кыймылынан келип чыгышы мүмкүн. Жердин тарыхында оордук күчү бир калыпта туруктуу болбогондугу да аныкталган. Оордук күчүнүн өзгөрүшү г р а в и т а ц и я в а р и о м е т р и сыяктуу сезгич приборлор м-н өлчөнөт. Оордук күчүнүн өзгөрүшү байкалган жер кыртышынын аймактары г р а в и т а ц и я а н о м а л и я­ с ы деп аталат. Ал оң ж-а терс гравитация аномалиясына бөлүнөт. Жер шарында эң жо­горку терс аномалия (366 мГал) Атлантика океа­нында (Пуэрто-Рико чуңкурунда), оң аномалия (270 мГал) Филиппинде байкалган. Жер бетин­де гравиметриялык өлчөөлөрдүн негизинде изил­денген аймактагы оордук күчтүн изолиниялар м-н көрсөтүлгөн мааниси атайын г р а в и м е т ­р и я л ы к к а р т а л а р г а түшүрүлөт. Алар кендерди издөө ж-а чалгындоо иштеринде ке­ңири колдонулат (к. Гравиметриялык чалгын­доо ыкмасы). О. эле Жердин гравитациялык талаасы гравитациянын көптөгөн маселелерин чечүү, Жер тулкусун аныктоо ж. б. учурларда пайдаланылат.



Ад.: Грушинский Н. П. Теория фигуры Земли. 2-е изд. М., 1976; Цубои Т. Гравитационное поле Земли. М., 1982; Молоденский М. С. Гравитационное поле. Фигура и внутреннее строение Земли. М., 2001.