ИЛЬМЕНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́ЛЬМЕНЬ (жыл баянда – Ильмер, байыркы славяндарча – Словен деңизи) – Новгород облусун­дагы көл, Ильмень ойдуңунда жайгашкан. Орточо аянты 982 км2 (суусунун деңгээлине жараша 733 км2ден 2090 км2ге чейин өзгөрүп турат). Узундугу 45 кмдей, туурасы 35 кмге, тереңдиги 10 мге чейин. Жээги саздуу. 50дөй дарыя (Мста, Пола, Ловать, Шелонь ж. б.) куят. Волхов дарыясы агып чыгат. Деңгээли 2,3 мден (мартта) 5,8 мге чейин (майда) өзгөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде муз­дан арылат. Балык кармалат. Мста дарыясы, Илмень каналы ж-а Волхов дарыясы аркылуу Вышний Воло­чёк системасы м-н туташат. Ильменден 6 км ара­лыкта Волхов дарыясынын жээгинде Новгород шаары жай­гашкан. 9–12-кылымдарда Ильмень аркылуу «варягдардан гректерге» соода суу жолу өткөн.