ИЛЬИЧ
ИЛЬИ́Ч – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Ильич айыл округуна караштуу. Ак-Түз суусунун ж-а Бишкек – Ак-Түз автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1605 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарчасынан 37 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 1043 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП иштейт.