ИЛМЕ ШИБЕГЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛМЕ ШИБЕГЕ – сайма саюу, тор токуу үчүн пайдаланылуучу курал. Сабы жыгач, мүйүз жана сөөктөн, илмектүү учу металлдан жасалат. Ал ар кандай жиптерден жаздык тыш, көшөгө, туш кийиз, жүз аарчы, суу жоолук, күзгү кап, такта жабуу, суп көйнөк, чыптама, белдемчи жана башка буюмдарды кооздоп саймалоодо жана тор кийим токууда кеңири колдонулат.