ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:44, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫРКА ТООСУ Памирде меридиан багытында созулуп жатат. Узундугу 110 кмдей. Эң бийик жери 7495 м (Комму­низм чокусу). Палеозойдун чөкмө ж-а мета­морфизмделген тоо тектеринен, чанда гранит­тен турат. Кыр жагына альп рельефи мүнөздүү. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 660 км2ге жетет. Ири мөңгүлөрү Федченко, Гармо ж. б. Ланд­шафты гляциалдык-нивалдык ж-а субнивал­дык. Кырка тоону Н. Л. Корженевский алгачкы жолу изилдеген. 1927-жылы СССР ИАнын наамы­нан аталган.