ИЛИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМ – адамзат ишмердигинин чындык жөнүндөгү объективдүү билимдерди иштеп чыгуу ж-а теориялык жактан системалаштыруу милдетин аткарган чөйрө; коомдук аң-сезимдин бир формасы; дүйнө жөнүндөгү билимдердин өзгөчө тутуму; социалдык институттардын бири. Илим миф, дин ж-а аң-сезимден айырмаланып, дүйнөнүн өзүнчө элесин (сүрөтүн, сыпатын) түзөт. Илимдин башкы максаты – бол­муштагы кубулуш, процесстердин табиятын ачып-аныкташ, сыпатташ, түшүндүрүш, алдын­ ала көргөзүш. Илим практикага таянып, аны м-н тыгыз байланышта өнүгөт. Бирок, адам иш-ара­кеттеринин бөтөнчө түрү, чөйрөсү болгон прак­тика билимди өз мүдөсүнө ылайык курал ката­ры пайдаланса, Илимде билим – иштин максаты, натыйжасы. Илимдин көздөгөнү – жаңы билимге жетиш. Искусство элеске (образга), дин ишенимге таянса, илим термин, түшүнүк, категория, теория, эксперимент, мыйзамга негизделет. Илим билим­дин алгачкы белгилери байыркы Чыгышта (Шу­мер, Египет, Кытай, Индия) пайда болгону м-н өз алдынча ишмердик, коомдук турмуштун бир чөйрөсү катары илим байыркы Грекияда б. з. ч. 6-кылымда түптөлгөн. Билим практиканын же ри­туалдын ажырагыс бөлүгү эмес, өзүнчө маани­ мазмуну бар нерсе катары өнүгө баштаган. Аде­генде далилдүү, ойлонулган билимдердин баа­ры биригип, чогуу болуп, «философия» аталып, бара-бара жиктелип, ажырап, өз-өзүнчө нукка түшкөн. Жаңы коомдук мезгилде Европада илим өзгөчө бааланып, 17-кылымда көптөгөн илимий төң­көрүштөр жүзөгө ашкан. Бара-бара илим коомдун өнүгүшүнүн эбегейсиз кубаттуу негизине айлан­ды. Тарых жолунда илим билимдер топтолуп оту­руп, жаңырат, иргелет, кайра куралат. Илимдин орчундуу өзгөрүшү, анын түпкү жол-жоболору, мыйзамдары, алдыңкы сапаттагы теория, ой­лоо стили, өзөктүү категорияларынын жаңы­ланышы, алмашышы, байышы м-н байланыш­кан. Илим тарыхында билимдердин жиктелиши, бутактап ажырашы ж-а кошулушу, биригиши эриш-аркак жүрүп келген. Илим табигый, техникалык ж-а коомдук мүнөзгө ээ. Айрым илимий изилдөөлөр дис­циплина аралык, комплекстүү негизде жүргү­зүлөт. Илимий фундаменталдык ж-а колдонмо болуп бөлүнөт: биринчилери дүйнөлүк мыйзам ченем­дерин ачууну көздөсө, экинчилери жаңы билим­дерди практикада колдонууну жүзөгө ашырат. Илимий билимдер теориялык ж-а эмпириялык деңгээлге ажыратылат. Илимдин өзүнө мүнөздүү философиялык ж-а методологиялык маселелери болот. Ал эми илимди ар та­раптан изилдеген тармак илим таануу деп аталат. Илимдин адам, коом турмушундагы орду чоң, кызматы көп кырдуу, бай. Илимдин барк-баасын аныктоодо сциентизм ж-а антисциентизм багыт­тары калыптанган. Негизинен цивилизациянын өнүгүшүн илимсиз элестетүү мүмкүн эмес.



Ж. Бөкөшов.