ИЛБИРС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 18 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛБИРС (Uncia, uncia) – мышык сымалдар ту­кумундагы сүт эмүүчү. Денесинин узундугу 103–130 см, куйругунун узундугу 80–103 см, салмагы 75 кгга жетет. Кулагы кичине, тырмагы курч, буту кыска. Жыш жүнү сары-кара темгил тактуу. Кыргызстандын тоолорунда Борбордук Азиянын Теңир-Тоо, Памир, Алай тоолорунун кыркаларында кенен тарал­ган. Аскалуу зоолордо жашайт. Илбирс дабышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Өтө сак жаныбар, ал оңой олтоң көрүнбөйт. Негизинен тоо теке, коён, суур ж. б. м-н азыктанат. Анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу керек. Илбирс кармоочулар чоң­дорун капкан м-н кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышат.

Илбирстин кууту февраль – март айларында жүрөт. 3–4 жашында жетилет, 95–105 күндөй көтөрүп, аскалардын жапалак арча, бадал м-н капталган үңкүрлөрдө май айын­да 2–3 баласын тууйт, алардын салмагы 350– 400 гга чейин жетет. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда, ошондуктан өкмөт тарабы­нан 1959-жылдан тартып корукка алынып, уруксатсыз атууга, кармоого тыюу салынган. 1975-жылдан корукка алынып, ТКЭСтин ж-а Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кир­гизилген.