ИЙГЕ КЕЛҮҮЧҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 15 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙГЕ КЕЛҮҮЧҮЛҮК – металл жана эритмелер­дин басым астында (прокаттоо, чоюу, пресстөө, штамптоо) ийге келүү жөндөмдүүлүгү. Көпчүлүк таза металлдар – латунь, дуралюмин, жез, алю­миний, магний, никель жана башкалар жакшы ийге ке­лет. Ийге келүүчүлүк эки көрсөткүч менен мүнөздөлөт – плас­тикалуулук (металлдын ийкемдүүлүгү) жана де­формацияга болгон каршылыгы. Ийге келүүчү металлдардын ийкемдүүлүгү жогору, ал эми де­формацияга каршылыгы төмөн болот.