ИЗОЦИАНАТТАР
ИЗОЦИАНАТТАР – изоциан кислотасынын эфири, жалпы формуласы RN=C=O. Мында R – алифаттык, ароматтуу, алкилароматтуу же гетероциклдүү радикалдар. Изоцианаттар – суюктуктар же балкып эрүүчү катуу, өтө уулуу заттар. Химиялык жактан изоцианаттар – начар негиздер. Көбүнчө аларга нуклеофилдүү кошулуу мүнөздүү. Электрон-акцептордук орун алмашуучулар анын реакцияга жөндөмдүүлүгүн көбөйтөт, ал эми электрон-донордук орун алмашуучулар аны азайтат. Спирттер м-н уретандарды пайда кылат: RN=C=O + R OH→RNHCOOR′. Фенолдор ж-а тиолдор спирттердей эле реакцияга кирет. Изоцианаттар аминдер м-н жеңил аракеттенишип, мочевинаны пайда кылат: RN=C=O+R′→ → NH2R′ RNHCONHR. Изоцианаттардын суу м-н аракеттенишүүсүнөн тиешелүү карбамин кислотасы алынып, ал СО2 ж-а аминге ажырайт: RN=C=O+ +H2O R′ RNHCOOH R′ RNH2 + CO2. Өнөр жайда изоцианаттар аминдердин ашыкча фосген м-н реакцияга киришинен алынат: RNH2 + COCl2 R′ RN=C=O ++2HCl; изоцианаттар полиуретандарды, уретан каучуктарын, желимдерди, лак-боёкторду алууда, пестициддерди, карбамин кислотасынын туундуларын ж. б. синтездөөдө колдонулат.