ИЗОТОПТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОТОПТОР (изо... ж-а гр. tjpos – орун) – элементтердин мезгилдик системасында бир орунда жайгашкан бир эле химиялык элементтин атом

массасы м-н айырмаланган түрлөрү. Изотоптордун атом ядросу бири биринен нейтрон саны м-н айырма­ланат, ал эми протондорунун саны бирдей. Ней­трон бейтарап бөлүкчө, ал ядронун зарядын өзгөртпөйт. Берилген элементтин изотопторунун химиялык касиеттери негизинен окшош, атом массалык санына жараша алардын ядро-физикалык касиеттери (ядронун туруктуулугу же туруксуздугу, жа­рым ажыроо мезгили ж. б.) түрдүүчө. Изотоптор т у­ р у к т у у ж-а р а д и о а к т и в д ү ү болуп айырмаланат. «Изотоптор» терминин 1910-жылы англиялык оку­муштуу Ф. Содди киргизген. Изотопторду кыскача бел­гилөө үчүн химиялык элементтин символунун сол жак даражасына изотоптордун массалык саны көр­сөтүлөт, мис.,16О, 17О, 18О – кычкылтек изотоптору.