ИЗОТЕРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОТЕ́РМА (изо... ж-а гр. thtrmē – жылуулук) – термодинамикалык абал диаграммасында изотерма процес­син аныктоочу ийри сызык. Идеалдык газдын изотерма теңдемеси pV=const, мында р – басым, V – газдын көлөмү. р, V координата тегиздигинде изотерманын графиги – гипербола. Реалдуу газдын аба­лы Ван-дер-Ваальс теңдемеси м-н аныкталат. Реалдуу газдын изотерма теңдемеси татаалыраак мү­нөзгө ээ. Бирок, ал төмөнкү басымда же жогор­ку температурада идеалдуу газдын изотерма теңдемесине өтөт.