ИЗОСЫЗЫКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:41, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОСЫЗЫКТАР (изо... ж-а сызык) – географиялык кар­тада, вертикалдык кесилиште же графикте кан­дайдыр бир бирдей маанидеги чоңдуктарды (мисалы, температура, басым ж. б.) туташтыруучу сы­зык. Айрым мезгилдеги же бир учурдагы үз­гүлтүксүз кубулуштарга мүнөздөмө берет (мисалы, изобаттар, изобара). Табигый ж-а социалдык экономикалык кубулуштарды картага түшүрүү, ошондой эле алардын сандык мүнөздөмөлөрүн алууда ж-а өз ара корреляциялык байланышын анализдөөдө пайдаланылат.