ИЗОНИТРИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОНИТРИЛДЕР , и з о ц и а н и д д е р, к а р­ б и л а м и н д е р – синил кислотасынын изо­мердик формасына туура келген органикалык бирикме­лер. Жалпы формуласы R – C ≡ N – органикалык ради­кал. Алар жагымсыз жыты бар, уулуу, түссүз суюк же катуу заттар; спиртте, эфирде жакшы эрийт; көпчүлүгү сууда эрибейт, жегичтерге ту­руктуу. Суюлтулган кислоталарда тез эле биринчи­лик аминдерге (RNH2) ж-а кумурска кислотасына гидролизденет: R − N ≡ C ⎯⎯→ R − NH2 + HCOOH.+H Күкүрт, хлор м-н реакцияга кирет, ысытканда нитрилге изомерленет. Аны хлороформ м-н би­ринчилик аминдин аралашмасын щелочтук спирттеги эритмесине кошуудан, синиль кислота­сынын күмүш сымал, коргошун туздарын ал­килдөө ж. б. жолдор м-н алынат. Изонитрилдерди гидр­лөөдөн, экинчилик аминдерди RNHCH3 окис­тендирип, изоцианаттарды RN=C=O, жогорку температурада (200–250°С) нитрилдерди RC=N алуу­га болот. Изонитрилдер өтмө металлдардын изонитрилдик комплекстерин пайда кылат. Изонитрилдер – органикалык синтезде чоң маанилүү аралык зат. Гетероциклдүү кошул­маларды, пептиддерди ж. б. алууда, ошондой эле би­ринчилик аминдерге сапаттык анализ жүргүзүүдө колдонулат.