ИЗМАЙЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 13 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗМА́ЙЛОВ Азиз Эминович (28. 12. 1913, Крым облусу, Евпатория шаары – 8. 2. 2004, Бишкек) – педа­гог-окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору (1959), СССР ПИАнын анык мүчөсү (1967), Кыр­гыз ССР ИАнын академиги (1968), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1974).

СССР педагогика ИАнын Н. К. Крупская атындагы сыйлыгынын лауреаты (1974). Мос­квадагы Н. К. Крупская атындагы коммунисттик тарбия ака­демиясын бүтүрүп (1934), РСФСР эл агартуу комисса­риатынын жолдомосу м-н Кыргызстанга келген, Кыргыз педагогика ИИИнин директору болгон (1955–81). Измайлов кыргыз педагогика илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 260тан ашуун илимий эмгектин ав­тору. Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: К вопросу об изучении обобщения и распрос­транения передового педагогического опыта. Ф., 1952; Мектепте кесип тандоого багыт берүү. Ф., 1965; Прос­вещение в республиках советского Востока. Ф., 1973; Изучение развития культуры народов Средней Азии и Казахстана в курсе истории СССР (в 8–10 классах). Ф., 1986.