КАЛАМБУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 13 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАМБУ́Р (французча calembour – сөз оюну) – азил­-тамаша сөздөр жана окшош үндөштүктөн чыккан сөз оюну; маанилери жагынан ар башка, бирок айтылышы жана жазылышы боюнча бирдей сөздөрдүн, сөз айкаштарынын тыбыштык ок­шоштугуна, үндөштүгүнө негизделип курулуучу стилдик ыкма. Орус адабиятында каламбурлук уйкаштар А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Д. Минаев, В. Маяковский жана башка акын-жазуучулардын чы­гармаларында кездешет. Каламбур өнөрү түрк элдеринин (мисалы: өзбек, уйгур, түркмөн, азербайжан) оозеки, ошондой эле классикалык жазма поэзиясында кеңири тараган. Кыргыз поэзиясында көбүнчө балдар фольклорунда кездешет, мисалы: «Төлдүн башы куба кой, жаныбарым тура кой» (А. Осмонов, «Кой төлдөтүү»). Каламбур көркөм текстте куудулдануу, туу­роо жана башка максаттарда да пайдаланылат.