ИЖЕВСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 13 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЖЕ́ВСК (1985–87-жылдарда У с т и н о в) – Удмурт Республикасынын борбору. Россиядагы шаар (1918-жыл­дан). Иж дарыясы Кама дарыясына куя бериште (40 км жо­гору) жайгашкан. Калкы 616,2 миң (2025). Темир жол тоому. Машина куруу (жеңил автомобиль, мо­тоцикл, станок, электр араа, аң уулоодо колдо-

Ижевск шаарынын жалпы көрүнүшү.

нуучу куралдар, нефть өнөр жайы үчүн жабдуу), кара металлургия (анын ичинде «Ижмаш»), электр-техника, же­ңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары, «Ижнефте­маш», «Ижсталь» ААК, радио заводдору иштейт. Төрт ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университети), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), край таануу, көркөм өнөр музейи, 4 театр ж. б. бар. 1760-ж. Ижевский Завод посёлкасы катары негизделген. 1921-жыл­дан Воткин автономия облусунун, 1934-жылдан Удмурт Республикасынын борбору.