ИДРИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 13 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДРИ́СИ (al-Idrisi) 1100, Марокко, Сеуте – 1161 же 1165 – өлгөн жылы белгисиз] – араб географы ж-а саякатчы­сы. Кордовадан билим алган. Сицилия королу Ро­жер IIде кызмат өтөгөн. Анын өтүнүчү м-н «Ро­жердин китеби» (1145) деген китеп жазган. Анда Европа ж-а Африка жөнүндө кызыктуу тарыхый ж-а тарыхый-географиялык маалыматтар камтылган. Пи­реней жарым аралына, Францияга, Англияга, Кичи Азияга саякат жасап, ал өлкөлөр тууралуу маалымат чо­гулткан. Ал дүйнөнүн картасын түзгөн.