ИДИОТИЯ
ИДИОТИ́Я (гр. idiottia – макоолук) – олигофрениянын (кем акылдыктын) оор түрү. Оорулуу сөзгө түшүнбөйт, сүйлөй албайт, айрым тыбыштарды айтат, кыймыл-аракети максатсыз, баш аламан, айлана-чөйрөгө такыр көңүл бурбайт. Кээде эч себепсиз күлөт же ыйлайт. Сырткы кебетеси маңыроо болот, дене-бою кадимкидей эле өсөт. Ордуна көпкө тура албайт, көп баспайт, теңселип араң басат. Тамакты тандабай ичет. Идиотиянын айрымдары чыр келет, кыйкырып ачуулана берет, өзүн тытмалайт, бирөөгө кол салуусу да мүмкүн, түшүнүксүз сүйлөйт. Кээ бир кем акылдар тескерисинче такыр унчукпайт, көбүнчө уктап, шалаакы болушат. Өздөрү кийине албайт. Кээде тамакты да иче албайт. Аларды бир нерсеге көндүрүү же үйрөтүү мүмкүн эмес. Идиотиянын жеңил түрү м-н ооругандар басып жүрүшөт, өз боюна карашат, айрым сөздөрдү айтат, кээ бир буюмдарды тааныйт, айткан сөзгө түшүнөт. Алар башка бирөөнүн жардамына муктаж болот. Оорулууну кароосуз калтырууга болбойт.