ИДЕАЛДАШТЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕАЛДАШТЫРУУ – илимий таанып-билүүнүн бир жолу, түрү; так-таасын аныктала элек же иш жүзүндө али мүмкүн эмес нерсе жөнүндө кыял-ой­дун аркасы м-н түшүнүк кураштырып, ошонун жардамы аркылуу чындыктын көмүскө касиет­ сапаттарын ачуу. Идеалдаштыруу биринчиден, чындыкка, экинчиден, кыялдын ой логикасына таянат да, турмушта кезикпеген нерсе (обьект) түзүлүп, ал изилдөө куралына айланат. Идеалдаштыруунун натыйжасында уюган түшүнүктөргө "чекит", "түз сызык", "инерция" ж.б. мисал боло алат.