ИДЕАЛ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕА́Л ф и л о с о ф и я д а – сонун, кынтык­сыз, телегейи тегиз үлгү, өрнөк; адатта жеке адам, коомдук топ же коом көздөгөн, кастарла­ган дөөлөт, кымбат зат. Адам баласы өз турму­шунда, иш-аракетинде бир нерсени идеал тутуп, ошого жетүүгө, теңелүүгө умтулат. Идеал адамга жол көргөзүп, демине дем кошуп, алга сүрөйт. Фи­лософия тарыхында идеал максат, кыял, ыйман­, абийир, сулуулук, бийиктик өңдүү түшүнүктөр м-н тыгыз байланышта иликтенип келет.