ИГУАСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИГУАСУ́ – Түштүк Америкадагы шаркыратма. Игуасу дарыясынын Паранага куйган чатынан 26 км жогору, Аргентина м-н Бразилиянын чек ара­сында жайгашкан. Базальттуу эки тепкичтен капчыгайга салааланып куюлуп түшөт. Салаа­лардын саны 275, аларды аскалуу аралдар бө­лүп турат. Жалпы бийиктиги 72 м, жазылыгы

Игуасу шаркыратмасы.

2,7 км, жаанчыл сезондо 4 кмге чейин жетет (дүйнөдөгү эң жазы шаркыратмалардын бири). Суусунун жылдык орточо чыгымы 1200 м3/сек.