ИВАНОВО
ИВА́НОВО (1932-жылга чейин Иваново-Вознесенск) – Россиядагы шаар (1871-жылдан). Иванов облусунун административдик борбору. Уводь дарыясынын боюнда, Москва шаарынан 318 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 356,7 миң (2025). Темир жол бекети. Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль өнөр жайынын (кебез-кездеме, нооту-меланж, камвол ж. б. комбинаттар) ири борбору. Машина куруу, жыгаччылык, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары, кондитер комбинаты, парашют заводу иштейт. Пиво кайнатылат. Жети ЖОЖ (анын ичинде 2 университет), 3 театр, 4 музей [анын ичинде Иваново чыттары (кездеме)], А. С. Бубновдун ж. б-дын үй-музейи, Революция (1905–07) мемориал комплекси бар. Алгач 1561-жылдан эскерилет. 1871-жылы Иваново м-н Вознесенский Пасад кыштагынын биригишинен пайда болгон.