ИВАНОВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́НОВО (1932-жылга чейин Иваново-Возне­сенск) – Россиядагы шаар (1871-жылдан). Ива­нов облусунун административдик борбору. Уводь дарыясынын боюн­да, Москва шаарынан 318 км түндүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 409,0 миң (2007). Темир жол бе­кети. Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль өнөр жайынын (кебез-кездеме, нооту-ме­ланж, камвол ж. б. комбинаттар) ири борбору. Машина куруу, жыгаччылык, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары, кондитер комбинаты, пара­шют заводу иштейт. Пиво кайнатылат. Жети ЖОЖ (анын ичинде 2 университет), 3 театр, 4 музей [анын ичинде Иваново чыттары (кездеме)], А. С. Бубновдун ж. б-дын үй-музейи, Революция (1905–07) мемориал ком­плекси бар. Алгач 1561-жылдан эскерилет. 1871-жылы Иваново м-н Вознесенский Пасад кыштагы­нын биригишинен пайда болгон.