«ДҮЙНӨНҮ ЖЕҢИП АЛУУЧУНУН ТАРЫХЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:47, 12 Август (Баш оона) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) (Created page with "'''«ДҮЙНӨНҮ ЖЕҢИП АЛУУЧУНУН ТАРЫХЫ»''' [Tāriḵ-e jahāngošāy (Тарих-и-жахангуша)] – перс (фарси) тарыхчысы Ала-ад-дин Ата-мелик Жувейнинин  (1226–1283) көлөмдүү эмгеги. Автор бул эмгегин 1252/53-жылдары (хижра эсеби боюнча 650/51) жаза баштап, 1260-жылы (658) бүтүргөн. Анда көп­төгөн т...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ДҮЙНӨНҮ ЖЕҢИП АЛУУЧУНУН ТАРЫХЫ» [Tāriḵ-e jahāngošāy (Тарих-и-жахангуша)] – перс (фарси) тарыхчысы Ала-ад-дин Ата-мелик Жувейнинин  (1226–1283) көлөмдүү эмгеги. Автор бул эмгегин 1252/53-жылдары (хижра эсеби боюнча 650/51) жаза баштап, 1260-жылы (658) бүтүргөн. Анда көп­төгөн тарыхый даректерге таянуу менен негизинен Чыңгыз-хан (1206–1227) башында турган моңгол аскерлеринин алгачкы жортуулдарынан Хулагу-хандын (1256–1265) исмаилиттерге каршы жүрүшкө чыгып, алардын толук талкаланышына (1251) чейинки тарыхый окуяларды иреттүү түрдө баяндалган. Эмгек: 1) моңгол жортуулдарынан Гуюк хандын (1246–1248) өлүмү; 2) Хорезм шахтары жана Хорасанда бийлик кылган моңгол хандарынын тарыхы; 3) Хулагу-хандын исмаилиттердин (ассасин) мамлекетин толук талкалашы менен аяктаган үч бөлүмдөн турат. Анын ичинде Жети-Суу, Сыр-Дарыя аймагы жана ал жерлерге тийиштүү Жент, Бала­сагын, Кая­лык, Алмалык шаарлары жөнүндө баалуу маалыматтар кезигет. Булардан тышкары Жувейнинин бул эмгеги Борбордук Азия, анын ичинде кыргыз өлкөсү жана Кыргызстандын орто кылымдагы тарыхын камтып, ошондой эле кара кытайлар курган империя, алардын күчтөнүп батышка жылышы, гурхандары, Чыңгыз-хандын Орто Азияны басып алышына байланыштуу булактарды окуп-изилдөө өтө маанилүү булактардын бири болуп саналат. Өз учурунда аталган эмгекти академик В. В. Бартольд,  А. Н. Бернштам ж. б. сыяктуу окумуштуулар кеңири пайдаланышкан.

Ад.: Бартольд В. В., Джувейни. Соч. Т. 8. М., 1973; Ата-Мелик Джувейни. Чингизхан. История Завоевателя Мира /Genghis Khan: the history of the world conqueror. /Пер. текста на русский язык Е. Е. Харитоновой. М., 2004.