ИБН СИНА
ИБН СИ́НА (латындашканы А в и ц е н н а), А б у А л и Х у с е й н и б н А б д а л л а х (980, Бухарага жакын Афшана кыштагы – 18. 6. 1037, Хамадан) – Орто Азия элдеринин энциклопедиячы илимпозу, философ, дарыгер, акын. Бухарада окуп, антикалык араб, фарсы, инди маданиятын, илим-билимин терең өздөштүргөн. 17 жашында илимпоз ж-а дарыгер катары таанылган. Философияда чыгыш аристотелизминин, неоплатонизмдин салттарын уланткан. Анын илим-билимдин бардык тармагы боюнча жазылган араб тилиндеги 400дөн ашуун, фарсы ти-

линдеги 20дай эмгегинин 160ка жакыны бизге жеткен. Негизги философиялык эмгектери: «Шыпаа китеп», «Нускоолор жана насааттар китеби», «Билим китеби» ж. б. Ибн Синаны дарыгер катары дүйнөгө атын чыгарган эмгеги – «Медицина канону». «Дарыгерлик илимдин канону» деген эмгеги латынча 30дай жолу басылып чыккан. «Канондо» медицина теориясы, адамдын анатомиясынын негиздери, ар түрлүү оорулардын себептери ж-а белгилери, тамактануу эрежелери ж. б. жөнүндө айтылат. Ибн Сина суу ж-а аба аркылуу жугуучу көрүнбөгөн оору козгогучтар ж-дө гипотезаны Пастерден сегиз кылым мурда айткан. Анын

айрым медициналык идеялары азыр да маанисин жогото элек. Ибн Синанын ысмы атактуу Гиппократ м-н Галендин катарында турат. Ибн Синанын философиялык трактаттары логика, физика, математика илимдеринин, метафизиканын (философиянын), медицинанын проблемаларына арналган. Ибн Синанын эмгектери мазмуну жагынан универсалдуу, энциклопедиялуу мүнөзгө ээ. Ал акын катары да белгилүү. Анын араб ж-а фарсы тилиндеги ырлары рубаи формасында жазылып, афоризм касиетине ээ. Ибн Сина араб-иран классикалык адабиятына, ошондой эле орто кылымдагы Европа адабиятына да таасир тийгизген.
Чыг.: Канон врачебной науки. 2-е изд. Таш., 1979–1982. Кн. 1–5; Избранное. М., 1980; Избранные философские произведения. М., 1980.
Ад.: Сагадеев А. В. Ибн Сина (Авиценна). 2-е изд.
М., 1985.