ИБН АЛ-ФАКИХ
ИБН АЛ-ФАКИ́Х Абу Бекр Ахмед ибн Мухаммед ибн Исхак ал-Хамадани – болжол м-н 9-кылымдын аягы – 10-кылымдын баш ченинде жашаган араб тарыхчысы, 902–03-жылдарда жазылган 5 томдук «Китаб ахбар ал-Булдан» («Чет өлкөлөр жөнүндө китеп») аттуу географиялык эмгектин автору. Хамадан шаарында туулган. Ибн ал-Факихтин чыгармасында Иран, Орто Азия ж-а түрктөргө караштуу жерлердин, шаарлардын аны м-н кошо ислам өлкөлөрүнүн саясий түзүлүшү, элдеринин кесипчилиги ж. б. жөнүндө маалыматтар бар. Анда азыркы Кыргызстанга караштуу жерлер да камтылып, калк жашаган кыштак-шаарлардын тизмеси м-н алардын аралыгы кошо берилген. Түрк урууларынын аталышы м-н бирге эле кыргыздар да эскерилет. Ал эмгекти 1885-жылы М. де Гуе кыскача басып чыгарган.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957.
Т. Жуманалиев.