ИБАДАН
ИБА́ДАН – Нигериянын түштүк-батышындагы шаар. Ойо штатынын административдик борбору. Калкы 3,8 млн (2007; шаар айланасы м-н 4,7 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Лагос м-н Канодон кийинки 3-шаар. Жол тоому. Лагос – Кано темир жол магистралындагы бекет. Аэропорту бар. 1829-жылы негизделген. Шаар-мамлекет катары өнүккөн. Жети дөңсөөгө жайгашып, айланта 16 дарбазалуу ылай дубалдар м-н курчалган. Шаардын эски бөлүгүндө 1–2 кабаттуу ылайдан салынган үйлөр сакталган. Заманбап курулуштарынын бири Коко-хаустун имараты (Тропиктик Африкадагы эң бийик курулуш). Шаар – өлкөнүн ири соода ж-а өнөр жай борборлорунун бири. Тамак-аш, тамеки, автомобиль кураштыруу өнөр жайлары ж-а жыгач, пластмасса ж-а резинадан буюм жасоочу ишканалар иштейт. Тери өңдөлүп, кол өнөрчүлүк (килем, кездеме токуу, боёо, карапа, металл иштетүү) өнүккөн. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Ибадан), институттар, илимий коомдор ж-а ассоциациялар (анын ичинде география, экономика, микробиология), коллеждер, китепкана, музейлер (анын ичинде этнография), улуттук архив ж. б. бар. Ботаникалык бак ж-а зоопарк уюштурулган.
рилип табынуу, жалынуу ж-а сыйынуу. Мусулман теологдору И-ка берилүүнүн үч себебин көрсөтүшкөн: Алла алдында жазадан коркуу; Бейишке чыгууга татыктуу болуу үчүн жасаган аракет; Жаратканды чексиз сүйүү ж-а урматтоо; Алланы урматтап, татыктуу кызмат кылуу керек экендигин түшүнүү. И. кылуу төмөнкүдөй парздарды өзүнө камтыйт: 1) ыйман (Алланын бар экендигине ишенүү, дили тазалануу); 2) беш убак намаз; 3) зекет берүү; 4) 30 күндүк орозо тутуу; 5) ажыга баруу.
Т. Өмүрова.