ИАЛЫСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 11 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИАЛЫСУУ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөң­гү. Сох суусунун оң курамы Кожо-Ашкандын алабында жайгашкан. Узундугу 4,9 км, аянты 5,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4400 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3900 м. Абляциянын аянты 1,8 км2. Фирн облусу көп камералуу кенен төрдө жатат. Мөңгүдөн Кожо- Ашкан суусунун сол куймасы Иалысуу баш­талат.