ЗЫЯН
ЗЫЯН – КРдин жарандык укугунда бир тараптын туура эмес иш-аракети аркылуу башка бир тарапка келтирилген залал, чыгым. 1) Укугу бузулган тарап тарткан, кайрадан калыбына келтирилүүгө тийиш чыгым, ошондой эле анын мүлкүн жоготуу же бузуу. 2) Милдеттенме өз деңгээлинде аткарыла турган болсо, ал алууга мүмкүн боло турган киреше алынбай калса, зыян катары бааланат. Жалпы эрежелер боюнча карыздакор кредиторго келтирген зыяндын ордун толугу м-н толтурууга тийиш. Милдеттенмелердин айрым түрү мыйзам боюнча анын жоопко тартылышы мүмкүн.
К. Эсенканов.