ЗУБКОВ
ЗУБКО́В Дмитрий Петрович (1911-жылы туулган, Украина, Сумы облусу, Лягин району, Семейкин айылы -- 2006, Ысык-Ата району) – агроном, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941–45).

Москва облусунун Балашиха шаарындагы Бүткүл союздук айыл чарба институтун бүткөн (1957). 1946-жылы Кант районундагы Фрунзе атындагы кант комбинатынын башкы агроному. Ал 1947-жылы кант кызылчасынын ар гектарынан 817 цден түшүм алган. 1959- жылдан Кыргызстан машина сыноо станциясынын директору. 1963–67-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 2 Ленин, 2 Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.