ЗОРГЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 8 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗО́РГЕ Рихард [22. 9 (4.10) 1895, Баку – 7. 11. 1944, Токио] – советтик аскер чалгынчысы, журна­лист, Советтер Союзунун Баатыры (1964, өлгөндөн ки­йин). Атасы немис, энеси орус болгон.

1898-жылы Зоргенин үй-бүлөсү Россиядан Германияга кайткан. 1-дүй­нөлүк согушка катышкан. (1914–16). Үч жолу жарадар болуп, Темир крест м-н сый­ланган. 1916-жылы жарадар бо­луп, госпиталда жаткан ке­зинде солчул социалисттер м-н жакындашкан. 1917– 19-жылдарда көз карандысыз со­циал-демократиялык партиянын, 1919-жылдан Германия ком­партиясынын мүчөсү. Берлин университетин бүтүрүп (1919), ал жерде окутуучу ж-а журналист болуп иштеген, мамлекет-укук илимдеринин доктору. Вуппер­таль ж-а Франкфурт-на-Майнеде пропагандист, Золинген шаарында партиялык газетаны редакторлогон. 1924-жылы СССРге келип, советтик жарандыкты алган, мамлекеттик мекемелерде иштеген. 1929-жылдан Жу­мушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын чалгындоо башкармалыгына кызматка өткөн. 1930–32-жылдарда Кытайда иштеген. 30–40-жылдарда Германия, Япония ж. б. өлкөлөрдө немис журналисти катары жүрүп, СССР үчүн эң баалуу маалыматтарды билдирип турган. 1941-жылы май айында фашист­тик Германия СССРге каршы канча дивизия да­ярдаганын ж-а кайсы күнү кол саларын, пла­нынын схемасын билдирген. 1941-жылы 18-октябр­да япония полициясы кармап, 1943-жылы сентябр­да өлүм жазасына өкүм кылынган, 1944-жылы То­кионун «Сугамо» түрмөсүндө асып өлтүрүлгөн. Сөөгү Токиодогу Тама мүрзөсүнө коюлган.

Ад.: Колесникова М., Колесников М. Жизнь и бессмертие Р. Зорге. М., 1985; Георгиев Ю. В. Р. Зорге: исследователь, разведчик, геополитик. М., 2002.