ЗООНОЗДОР
ЗООНОЗДОР (гр. зоо... ж-а njsos – ылаң) – малдын жугуштуу ылаңдары. Бул ылаңдардын козгогучтары малда гана мителик кылат. Зоонозго уй чумасы (көк көйнөгү), чочко чумасы, уйдун эмфизематоз чоң чыйканы, пастереллёз, койдун жугуштуу энтеротоксемиясы ж. б. кирет. Зооноздорду вирус, бактерия, козу карындар, риккетсиялар, мите курттар ж. б. пайда кылат. Алар түрдүүчө мителейт, мисалы, вирустар клеткада гана мителик кылып, клеткадан тышкары жашабайт, зыянкеч микробдор, риккетсия, мите козу карындар малдын түрдүү орган, ткандарында көбөйүшөт, к. Антропозооноздор.