ЗМИЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 8 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗМИ́ЕНКО Анатолий Гаврилович (1923, Россия, Кировоград облусу, Новомиргород району, Розлив кыштагы – 1989, Бишкек) – тоо инженери, Кыргыз ССР геологиялык кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1974). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Кри­вой Рог тоо-кен институтун бүтүргөн (1950). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942–45). Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгынын геологиялык партияларында тоо иштеринин прорабы, баш­кы инженери (1950–55), СССР геология ми­нистрлигинин башкы геологиялык башкармалыгынын партияларында (Акмоло, Көкчө-Тоо облустары, Ка­зак ССРи) башкы инженер (1955–58), Түндүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын башкы инже­нери (1958–71), Кыргыз ССР геологиялык башкармалы­гында өндүрүш бөлүмүнүн начальниги (1971– 75), башкармалыктын начальнигинин биринчи орун басары – башкы инженери (1975–83), өндүрүш бөлүмүнүн начальниги, улук инженери (1983–85). Республикада минералдык сырьёнун жаңы түрүн өздөштүрүп, анын ири кенин чалгындоо­го чоң салым кошкон. Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сый­ланган.