ЗЕЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕ́Я – Ыраакы Чыгыштагы дарыя, Амурдун сол куй­масы. Узундугу 1242 км, алабынын аянты 233 миң км2. Становой кырка тоосунан башталып, төмөнкү агымы Жогорку Зея түздүгү аркылуу агат. Туку­рингра ж-а Соктахан тоо тизмектери аркылуу өтүп, аскалуу капчыгай – Зея Дарбазасын пайда кылат; мында ГЭС курулган. Селемжанын чаты­нан төмөн карай Зея-Бурея түздүгү аркылуу агат. Негизги куймалары – Селемжа (сол), Гилюй (оң). Орточо чыгымы 1900 м3/сек. Ноябрдан май­дын башына чейин тоңот. Зея суу сактагычында ж-а ГЭСтен төмөн карай кеме жүрөт. Боюнда Зея, Свободный, Благовещенск шаарлары жайгашкан.