ЗЕРГЕР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРГЕР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түштүк - батыш тармагы. Зергер ж-а Доңуз-Суу суулары­нын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн районунун аймагында. Туу­расы 7–8 км. Орточо бийикт.иги 1700–2000 м, эң би­йик жери 2186 м. Кыры тайпак, түштүк-батышка акырындап жантаят. Тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түндүк-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь ж-а юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гра­велит, жапызыраак түштүк-батышы бор мезги­линин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Талаа (1600 мге че­йин) ж-а андан жогору шалбаалуу талаа, шал­баалуу жаңгак токою, ландшафт алкактары ба­сымдуу. Жайыт, чөп чабынды; токой чарбасы бар.