БРИСБЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИ́СБЕН – Австралиянын чыгышындагы шаар. Квинсленд штатынын административдик борбору. Калкы 2 628 083 (2022). Брисбен дарыясынын боюнда, Тасман деӊизинин жээгинде жайгашкан. Ири жолдор тоому. Океан кемелери үчүн ыӊгайлуу порт. Эл аралык аэропорту бар. 1824-жылы негизделген. Шаардын тарыхый борборунда ратуша, парламент үйү, айкелдер композициясы жайгашкан. Король Георгий аянты университеттер, музей, искусство галереясы, театрлар ж. б. бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык кинофестивалдар, бүткүл дүйнөлүк «Экспо-1988» көргөзмөсү өткөрүлүп турат. Брисбен – өлкөнүн ири өнөр жай борбору. Машина куруу (станок, өнөр жай жабдуулары, локомотивдер), химия, нефть-химия, нефть ажыратуу, тамак-аш, жеӊил өнөр жай ишканалары, кеме верфи иштейт. Аскерий вертолёттор чогултулат.