БОСТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСТЕРИ , Д о л о н о т у – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Бостери айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 7 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 88 км. 1931-жылы отурукташкан. Калкы 9094 (2022); негизинен дыйканчылыкта, курорт, санаторий жана пансионаттарды тейлөөдө эмгектенет. Орто мектеп, 2 бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, клуб, китепкана, кафе, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакка жакын пансионат, курорт, санаторийлер жайгашкан. Кыштакта академик А. Мамытов, жазуучу К. Акматов туулган.