ЗЕЛАНДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕЛА́НДИЯ , Ш е л л а н н (герман тилдеринде See – «деңиз», Land – аймак, өлкө, тарап) – Балтика деңизиндеги эң ири арал. Даниянын аймагында. Аянты 7 миң км2ден ашык. Релье­фи дөбө-мореналуу түздүк (бийиктиги 126 мге чейин); көлү көп. Бук ж-а эмен токою өсөт. Ай­магынын көбү айдоо (тоют чөп, буудай, кант кызылча, картөшкө өстүрүлөт); сүт багытында­гы уй чарбасы бар. Зеландиянын чыгыш жээгинде ж-а ага жакын жаткан Амагер аралында Дания­нын борбору – Копенгаген ш. жайгашкан.