ЗЕБУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕБУ (Bos. Indicus ж-а Bos africanus) – өркөчтүү бодо. Түпкү теги боюнча уйга жакын; Индия, Аф­рика, Америкада, Жакынкы Чыгышта, Балкан жарым аралын­дагы ж-а КМШ

(Азербайжанда, Борб. Азияда) өлкөлөрүндө негизинен унаа катары ж-а эт алуу максатында асы­ралат. Өркөчү би­йик, салмагы 5–8 кг. Башы кичине , моюну кыска, жоон. Өңү карала, сара­ла, күрөң ж. б. Зебунун инегинин салмагы 250–270 кг (айрымдары 450–550 кг), букасыныкы 300–350 кг (кээ бири 1000 кг). Эти уйдун этинен эч айыр­маланбайт. Жылына 900–1300 кг сүт саалат.